АКШда аскердик учак кыйрады

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШда аскердик учак кыйрады
Published

АКШда Миссисипи штатында транспорттук аскердик учак кыйрап, анын бортундагы 16 адам бүт курман болду. С-130 учагы штаттын борбору Джексондон түндүккө карай 160 км аралыктагы жерге кулады.

С-130 учагы штаттын борбору Джексондон түндүккө карай 160 км аралыктагы жерге кулады.

Күбөлөрдүн айтымында, аскердик учак жерге чимирилип барып кулаган, бир кыймылдаткычы түтөп жаткан.

Учак кырсыгы дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.00 дө болду. Кырсыктын себептери азыр тактала элек.

Деңиз аскерлер корпусунун өкүлү Сара Бернс тек гана КС-130 транспорттук учагында «техникалык проблема» чыкканын айтты.

Миссисипи штатынын губернатору Крис Брайант бул кырсыкты трагедия деп атады.