Прага: Өкмөттүн отставкасын талап кылган массалык жүрүш
Жекшембиде Праганын борборундагы негизги аянтка эки жүз миңден ашуун киши чогулуп, премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылды. Өкмөт башчы Евробиримдиктен келген каражатты мыйзамсыз колдонгон деп айыптап жатышат.
Уюштуруучулар каршылык акциясына 250 миң киши катышканын маалымдады. Эгерде бул маалымат расмий тактала турган болсо, анда бул 1989-жылдагы "баркыт ыңкылабынын" кийинки эле массалык жүрүш болуп калмакчы.
Демонстрация бир нече саатка созулуп, тынч өттү. Нааразылык акцияга өлкөнүн туш тарабынан келген тургундар катышты, алардын көбү жаштар болгону дагы маалымдалууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Айдын башында Бабишке каршы нааразылык акцияга 120 миң киши катышкан.
Премьер-министр өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагууда. Мурунку коммунист Андрей Бабиш 2017-жылы борборчул ANO ("Ооба") партиясы менен бийликке келген.
Бабиштин отставкасын талап кылган өнөктүккө карабай, анын партиясы Европарламентке болгон шайлоодо биринчи орунду алды. Партия 21,2% добушка ээ болгон.
Ушул жылдын апрель айында Бабишке ЕБдан келген субсидия боюнча кылмыш ишин козгоо талаптары айтылды. Бул жаңжалдан кийин өлкөнүн юстиция министри кызматтан кеткен эле.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Еврокомиссиянын Бабиш тууралуу докладынын иштелип бүтө элек версиясы басылмаларга жарыяланып кетти. Анда өкмөт башчыга субсидия катары берилген бир нече миллион евро каражаты артка кайтарылышы керектиги жазылат.
Бабиштен талап кылынган каражаттын көлөмү болжолу 17,5 млн евро. Ал бул айыптоолорду "карандай калп" деп четке кагып келүүдө. (AT)

































